Ссылки доступа

Астана четиндеги суусуз жана жолсуз айыл (видео)


Как на окраине Астаны появилось село без водопровода и дорог
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Астанадан жыйырма чакырым аралыкта жайгашкан айылдын тургундары карды ээритип, суу катары пайдаланышат. Таза сууну акыркы беш жылдан бери  сатып алышат. Жергиликтүү бийлик Коянды айлына суу түтүгү 2021-жылы тартыларын билдирүүдө.

Тлеужан Куат күн сайын мешке кеминде сегиз чака суу ээритет.Анын айтымында, кардын суусу идиш-аяк, кир жууганга кетет:

– Кар таза эмес, марли менен сүзүп алабыз, бирок баары бир кир калат.

Суу түтүгү айылдан беш чакырым алыс жайгашкан. Автоунаасы барлар өздөрүнө эле эмес, башкаларга да ала келишет. "Күн сайын 100-150 литр алып келем, кошуналарга да берем. Себеби алардын машинеси жок", – дейт Сүйүмжан Дүсенов.

Беш жылдан бери айылдыктар беш литрлик бөтөлкөдөгү таза сууну сатып алышат. Анын бирөө 300 теңге – 80 цент турат.

Жергиликтүү бийлик үч жылдан кийин таза суу келерин билдирүүдө. Учурда анын долбоору дагы иштелип чыга элек. Айыл башчы Айбек Есеевдин айтымында, бул жер курулуш үчүн ылайыкташкан эмес. Жарандар уруксат албастан, өз алдынча турак-жай тургузуп алышкан.

Тлеужан Куат болсо таза сууну 2021-жылга чейин күтпөйт. Үйүн сатыкка койгон. Бирок кардар жок. Мындай шартта жашоого эч ким макул болчудай эмес.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG