Ссылки доступа

Өлкө келечеги менен коррупция таразада (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Өлкө келечеги менен коррупция таразада. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы туурасында маалымат жыйын өткөрдү. Өлкө башчысынын коррупцияга каршы күрөш, үй-бүлөлүк башкаруу тобокелдиги, мурдагы өнөктөштөрү менен мамилеси, өлкө келечеги туурасындагы пикирлери коомчулукта ар кандай талданып жаткан кез. (Директтен видео)

- «Коопсуз шаар» депутат менен министрди айтыштырды. Рыскелди Момбеков “Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынакты өткөрүүдө өкмөттөгү айрым жооптуу адамдарды сындады. "Алар өз кызыкчылыгын ойлоп, орусиялык компанияга жан тартып койду” деди парламент жыйынында. Бирок өкмөт мүчөлөрү мындай дооматты четке какты. Бул маселенин айынан депутат Рыскелди Момбеков менен вице-премьер Кубатбек Боронов кайым айтыша кетти. (Директтен видео)

- Жүргүнчү күткөн бекет. Жалал-Абад-Анжиян темир жол каттамын кайрадан жандандыруу аракети жүрүп жатат. Каттам ишке кирсе, Анжиян аркылуу Москва жана Самарага поезд менен барууга жол ачылат. 1999-жылдан бери Жалал-Абад темир жол бекетине жүргүнчү ташыган поезд келе элек. Станция учурда жүк ташуу менен гана алектенип калды. (Директтен видео)

- Жээнбеков жыл жыйынтыгын берди. Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 19-декабрда басма сөз жыйынын өткөрдү. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйынга жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып, суроо беришти. (Директтен видео)

- Якуп: Футбол ынтымакты бекемдейт. Түркиялык Якуп Мингсар эки жыл мурун Бишкекте “Анадолу” спорт клубун ачкан. Клубда жаш курагы төрттөн 14 жашка чейинки балдар спорттун ар кыл түрү менен машыгат. Түрк жараны түптөгөн клубдун негизги максаты Кыргызстандын атынан дүйнө кубогуна катышчу чебер оюнчуларды даярдоо болуп саналат. (Директтен видео)

- Тажик жаштарына Рахмон тууралуу тасма көрсөтүлүүдө. (видео Директ)

- Москвада балдары мигрант-окуучулар менен окуган ата-энелер эмнеге нааразы? (Директтен видео)

- Астананын четинде суусуз жана жолсуз айыл пайда болду (Настоящее время)

- Казакстандагы ЛГБТ өкүлдөрү кол салуулар жана басмырлоолор тууралуу айтып беришти. (Казакстандан видео)

- «Күнүнө жок дегенде бир жолу полиция токтотот»: Орусия бийлиги кайрадан эмгек мигранттарын текшере баштады. (Настоящее время)​

- Крымдын ата-энеси бай жаштары кандай жашайт? (видео Директ)

- Будапештте өкмөт башчы Виктор Орбанга каршы массалык нааразылык акциялар уланууда. (видео Директ)

- Кыргызстанда аял айдоочулар иштеген такси кызматы ачылды. (Видео)​

- Жанаозен окуяларына катышкан Кайрат Досмагамбетовдун окуясы. (Казакстандан видео)

- Сары-Чаган: Казакстандагы өзөктүк ракеталарды сыноочулардын каралбай калган шаары. (Настоящее время)

- Душанбеде президенттин уулунун чач тарамы модага айлынды. (Настоящее время)

- Майыптыгы бар адамдар үчүн ачылган Бишкектеги бий мектеби. (Настоящее время)

- Москвада балдары мигрант-окуучулар менен окуган ата-энелер эмнеге нааразы? (Директтен видео)

- Шавкат Мирзиёев 60 миң көчөт сатып алып, шарап жасоо буйругун берди. (видео)

- Душанбеде бир район жашоочулары 20 жылдан бери турак-жайларынын документтерин бүтүрө албай жүрүшөт. (Настоящее время)

- Путин көчөдө валюталар курсу көрсөтүлгөн такталарга тыюу салды. (сүрөт баян)​

- Казакстан. Алексей Уткин. Чектөөсүз мүмкүнчүлүккө ээ сүрөтчү (Инфогарфика)

- «Мындай башка эч кимде жок!». Путин менен Шойгу курал-жарактарга мактанууда. (видео)

- Орусиялык «троллдор» америкалык социалдык түйүндөрдө кандай иштешкен? (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

XS
SM
MD
LG