Алардын арасында Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова менен Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын уулу Артем Чайка дагы бар.
Санкциялар адам укуктарын бузгандарга жана коррупциялашкан аткаминерлерге каршы багытталган «Магнитский мыйзамынын» алкагында былтыр киргизилген.
Мыйзам Hermitage Capital фондунун 2009-жылы Москвадагы тергөө абагында каза болгон юристи Сергей Магнитскийдин аты менен аталган. Ал орус бийлиги тарабынан өзү иликтеп таап чыккан бюджеттик каражаттарды уурдоо схемасына тиешеси бар деп айыпталган.