Ссылки доступа

Гүлнара Каримова жаза мөөнөтүн Өзбекстанда өтөп жатат


Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова жаза мөөнөтүн өлкө аймагында өтөп жатат. Бул тууралуу шаршембиде Ташкентте өткөн Эл аралык пресс-клубдун жыйынында Өзбекстандын башкы прокурорунун орун басары Эркин Юлдашев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ал өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровго жана Улуттук салык кызматынын экс-төрага орун басары Абдусалом Юлдашевге каршы козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берди.

«Мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун иши тергелип бүтүп калды. Кылмыш иштин жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берилет. Бул жөнүндө өлкө жетекчилиги дагы бир нече жолу айткан. Соттун качан жана кайсыл жерде өтө тургандыгы кийинчерээк кабарланат», — деди ал.

Прокурордун орун басарынын айтымында, Абдусалом Юлдашевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Ал майдын аягында Фергана облусунда кармалып, Ташкентке жеткирилген.

Өткөн жумада өзбек өкмөтүндөгү аткаминерлер экс-башкы прокурордун иши боюнча тергөө аяктаганын билдиришкен. Анда айыптоо корутундусу менен таанышып алуу үчүн адвокатка 25-декабрга чейин убакыт берилгени айтылган.

XS
SM
MD
LG