Ссылки доступа

«Кыргыз чоролору» чет элдик жарандар маселесинде бийликке талап койду (видео)


"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди отуз күн ичинде мамлекеттен чыгарып салууну бийликтен талап кылууда. Бул тууралуу 20-декабрда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында уюштурулган тынчтык акциясында айтышты.

Акциянын уюштуруучулары өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди тактап, чыгарып салыш үчүн мамлекеттик органдар коомчулук менен биргелешкен комиссия түзүшү керек экенин белгилешти. Эгер ал ишке ашпаса "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси өзү аракет көрөрүн эскертишти.

Акция учурунда Кытайдагы улуттук азчылыктарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, "тарбиялоочу лагерлердеги" кыргыз улутундагы ар бир жарандын камакка алынуу себеби, алардын мыйзамсыз иштери тууралуу ачык айтуу талап кылынары күн мурда кабарланган.

Ноябрдын этегинде Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтар такталып жатканын жарыялаган.

19-декабрдагы басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы кыргыздар боюнча маселеге этият мамиле кылыш керек экенин билдирген.

Кытайдын Шинжаң аймагында "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" башка улуттун миңдеген өкүлдөрү кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды "түрмө" деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары сыпаттап келет.

Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG