Казакстан Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Усманов орденди мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгү, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө, эл арасында достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн алды.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Усмановго III-даражадагы «Мекен алдында сиңирген эмгеги үчүн» орденин, анын жубайы, Орусиянын көркөм гимнастика боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Ирина Винер-Усмановага II-даражадагы «Мекен алдында сиңирген эмгеги үчүн» орденин берген.
Быйыл августтун аягында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Усмановго «Эл-юрт хурмати» орденин тапшырган.