Ссылки доступа

ВВС: Казакстан соцтүйүндөгү каршылык маанайларды аныктоо системасына буюртма берген


Digital Revolution тобунун хакерлери Орусия ФСБсына таандык "Квант" илимий-изилдөө институтунун серверин бузушканын ырасташууда.

Алар жарыялаган документте социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү системасы көрсөтүлгөн. Анын негизги максаты – каршылык маанайларды аныктоо жана анализдөө. Digital Revolution билдиргендей, "Квант" мындай системаны Казакстанда ишке ашыра баштаган. Би-Би-Синин орус кызматы бул үчүн Казакстан Маалымат жана коммуникация министрлиги 4,3 миллион доллар бөлгөнүн маалымдады.

Чабуул болгонун далилдөө үчүн хакерлер “Квант” серверинин администраторлорунун жана папка аталыштарынын тизмелерин скриншот менен көрсөтүшкөн. Учурда “Квант” сервери иштебей турат.

“Квант” тарабынан иштелип чыккан Интернеттеги коомдук пикирге байкоо жүргүзүү системасы "ВКонтакте", Facebook, "Одноклассник" жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү посттордун мазмунун автоматтык түрдө анализдөө үчүн нейрондук түйүндөрдү колдонууну сунуштайт. Системаны тестирлөөдө орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аты-жөнү киргизилген.

“Хвант” жабык институт болуп эсептелет, ал Москванын Ховрино районунда жайгашкан. Институт 1970-жылы алгачкы советтик ЭВМдерди түзгөн. 2008-жылы аны ФСБнын карамагына өткөрүшкөн.

WikiLeaks сайтынын маалыматына караганда, “Хвант” италиялык Hacking Team компаниясынын кардарларынын бири болгон. 2012-2014-жылдары ал бир нече тыңчылык жүргүзүүчү программаларды сатып алган болушу мүмкүн.

АКШ 2018-жылы “Квантка” каршы санкция киргизген. Өлкө бийлиги орусиялык илимий-изилдөө институтун президенттик шайлоо алдындагы хакердик чабуулдарга тиешеси болушу ыктымал деп айыптоодо.

Digital Revolution адистери “Интернетти түрмөгө айландыргандарды” – орусиялык укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарды, ошондой эле Роскомнадзорду жазалоого убада берген.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG