Ссылки доступа

Хожент колониясында козголоң чыгаргандар катуу жазаланышты


Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги №3 колонияда чыккан тополоңго катышкан 20дай киши үч айдан алты айга чейин карцерде болот. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына шилтеме кылуу менен билдирди.

"Карцерге которулгандардын көбү мурун "Ислам мамлекети" тобунун жоочулары болгон. Адатта түрмөдө күнөө кылгандар үч күнгө чейин карцерде отурат. Бирок колониянын жетекчилиги тополоңго катышкандарды катуу жазалоону чечти. Алар карцерде үч айдан алты айга чейин отурушат",- деди өз булак.

Карцер – караңгы, кичинекей жай, ал жерде соттолгон адам жалгыз болот. Мурда тажик түрмөсүндө отуруп чыккан жаран “Азаттыкка” маек куруп, кышкысын карцерге которулгандарга түнкүсүн гана бир матрас жана жука жууркан берилерин айткан. Анын билдиришинче, “жаза жайына” дайыма жаңжал чыгарып, алкоголь жана маңзат колдонгондор жөнөтүлөт.

Өткөн айдын соңунда абактагы тополоңго катышты деп айыпталып жаткан соттолуучуларга жаңы кылмыш иши козголгон. Алар "адам өлтүрүү", "денеге оор залал келтирүү", "бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү", "абактын тартибин бузуу" сыяктуу беренелер менен айыпталып жатат. Булар тополоңду уюштургандар эмес, ага катышкандар.

Түрмөдө болгон башаламандыкты Башкы прокуратура иликтөөдө. Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 22-ноябрда “тополоңго негизинен терроризм үчүн жазасын өтөп жаткандар, анын ичинде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жактоочулары катышканын” белгилеген.

Түрмөдөгү башаламандыкка байланыштуу түзөтүү мекемесинин жети кызматкери кармалган. Алардын арасында түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзода, режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров да бар.

Видео

Видео

"Көрүнбөгөн" адамдар: паспортсуз жашоо
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:14:51 0:00
XS
SM
MD
LG