Ссылки доступа

Казакстанда кармалган активисттер полициячыларды жоопко тарттырууга аракеттенишүүдө


Задержанные 16 декабря в Казахстане пытаются привлечь к ответственности полицейских
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

16-декабрда Казакстандын Эгемендүүлүк күнүндө кармалган Астананын жыйырма жашоочусу полиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тарттырууга аракет жасашууда.

Алардын ичинен ону прокуратурага арыз жазды. Жарандар 1986-жылы 16-декабрда жана 2011-жылы Жанаөзөндө курман болгондордун эстелигине гүл коюп, куран окуганы келгени үчүн гана кармалышканын билдиришүүдө.

Руслан Жами – 16-декабрда Астанада кармалгандардын бири:

— Абайдын кесилишинде бизди кармап кетишти. Колумда гүл болгону үчүн гана ушундай кадамга барышты го деп түшүндүм. Гүлдү эстеликке коё алган жокпуз, жолдун кесилишиндеги отургучка таштап кеттим.

Полициячылар Руслан Жами сыяктуу ал күнү кармалгандардын телефондорун да алып коюшкан жана азыркыга чейин берише элек.

Дагы төрт активистти полиция Астанадагы “Эне Мекен” эстелигинин жанынан кармап кеткен. Адатта бийлик дал ушул жерде салтанаттуу иш чараларды өткөрөт. Полициянын версиясы боюнча ал күнү активисттер жол кыймыл эрежесин бузганы үчүн кармалышкан.

Кармалган айрым активисттерге полиция бөлүмүндө алар өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын митингине тиешеси болушу мүмкүн экени тууралуу токтом берилген.

Астана прокуратурасы активисттердин арызына жооп иретинде, абалды иликтеп чыгуу үчүн убакыт керек экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG