Ссылки доступа

Өзбекстан менен Казакстан февралда бирдиктүү виза киргизиши мүмкүн


Өзбекстан 2019-жылы февралда Казакстан менен бирге шенгендин аналогун – Silk визаны иштеп чыгышы мүмкүн.

Өзбекстандын туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Улугбек Касымходжаев долбоордун максаты чет өлкөлүк туристтерди тартуу экенин айтты.

Борбор Азияда бирдиктүү “ жибек жолу визасын” түзүү идеасы биринчи жолу июнда айтылган. Бул демилгени Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан колдойт. Идеа Казакстандын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрайымы Дарига Назарбаевага таандык. Ал Борбор Азияда виза тоскоолдуктарын жоюуну сунуштап келет.

Бул арада Өзбекстан жакында 22 өлкө үчүн визасыз режим киргизүүгө ниеттенүүдө. Учурда сегиз өлкөнүн жарандары визасыз кирип чыга алат, ал эми 50 өлкө үчүн жеңилдетилген режим каралган.

XS
SM
MD
LG