Президент Кыргызстан парламентаризм жолун тандаган өлкө экенин, коомдогу бардык курч маселелер парламентте көтөрүлөрүн, оппозиция менен жарандык коомдун үнү ошол жактан жеткирилерин белгилеп, бүгүн “парламенттен жашырылган маселе жокко эсе” экенин айтты.
- Азыр парламенттин дарегине бир топ сын айтылып жатат. Бул нормалдуу көрүнүш. Учурда Конституцияны, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, курултай институтун киргизүү жөнүндө талаптар коюлууда. Конституция 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. "2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн" деп добуш берилген, бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан, элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм. Кеп Баш мыйзамда эмес, мыйзамдарды сыйлоодо. Учурда экономиканы өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөшүү деген курч маселелер турат, - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы ошондой эле “биз азыр Баш мыйзамды өзгөртүүнү баштап алсак, аны жакшылап талкуулоого, шайлоо мыйзамдарын тактоого жетишпейбиз” деди.
Бишкекте Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилери, парламент депутаттары, мурдагы чакырылыштардагы эл өкүлдөрү да катышууда.
1938-жылдын 24-июнунда республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына – Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн.
Учурда парламент 120 мандаттан турат.