Өлкөнүн Маданият министрлигинин басма сөз катчысы Мавлюда Аскархожаева аталган клип ZO’R-TV телеканалында тиешелүү органдардын расмий уруксатысыз көрсөтүлүп жатканын билдирди.
Былтыр июлдан бери Өзбекстанда ырчыларга клиптерин «Өзбекконцерттин» алдындагы Көркөм кеңештин уруксатын алмайынча телеканалдарга берип же социалдык түйүндөргө жайгаштырууга тыюу салынган.
Позилжоновдун клибинде өзбек шоу-бизнес өкүлдөрүнүн өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин сүрөтүнүн алдындагы селфилери көрсөтүлөт. Блогерлер менен социалдык түйүн колдонуучуларынын көбү бул клипке терс пикирлерин билдиришкен.
Былтыр Өзбекстанда президентти мактаган ырларга тыюу салынган. Бийлик учурдагы мамлекет башчыга арналган ырлар үчүн аткаруучулар менен обончулар лицензияларынан ажыратыла турганын эскерткен. Мындай тыюуга ырчы Дильфуза Исмаилованын президент Мирзиёевге арналган ыры себеп болгон. Ал коомчулуктун сынына кабылып, анын клибин телеканалдар көрсөтүүдөн баш тартышкан. Кийин клип интернеттен дагы өчүрүлгөн.