Ссылки доступа

АКШ коргоо министри Мэттис отставага кетти


АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис отставкага кетти. Кызматтан кетүү боюнча АКШ президенти Дональд Трампка жолдогон арызында ал көз караштар келишпей калганын жазган.

Мэттис АКШ өнөктөштөрү менен тыгыз мамиледе болуп, Орусия жана Кытай сыяктуу өлкөлөргө каршы турушу керек экенин белгилеген. АКШ коргоо министри бул өлкөлөрдү авторитаризмге жана коңшулардын ички иштерине кийлигишүүгө айыптаган. Пентагондун башчысы эл аралык тартипке доо кетирүүгө аракет жасагандарга каршы туруу үчүн өнөктөштөр менен болгон альянсты бекемдөөгө болгон күчтү жумшоо керектигин билдирген.

"Бул жана башка маселелер боюнча көз карашы сиздики менен көбүрөөк дал келген коргоо министрин алууга укугуңуз бар, ошондуктан мен кызматтан кетүүнү туура көрдүм",- деген Мэттис. Мэттис расмий түрдө келерки жылдын 28-февралында кызматтан кетет.

Президент Трамп Мэттистин отставкасын тастыктап, Твиттерде анын эки жыл ичинде аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. АКШ лидери жакын арада жаңы коргоо министринин атын атоону убада кылды.

Шаршембиде Трамп жакынкы эки айдын ичинде Сириядагы америкалык аскерлер чыгарыларын жарыялаган. Бул кадамды АКШнын өнөктөштөрү менен бирге Конгресс дагы сындаган. Мэттис Сириядан аскерлерди чыгарууга каршы болгону белгиленет.

Видео

Видео

Айылына спорт зал салып берген мигрант
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG