Ссылки доступа

Азия: Казакстанда камактагылар өз жандарын кыюуга аракет кылышкан (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Текебаевди абактан чыгаруу талабы. Бүгүн башкы "атамекенчини" туулган күнү менен партиялаштары, саясатчылар куттуктап жатышат. Алар маараке учурунда Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап, аны абактан чыгаруу маселесин кайталашты. (Директтен видео)

- Отунбаева: Текебаевдин иши каралышы керек. Кыргыз парламентинин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган конференцияда экс-президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңеш Текебаевдин маселесине көңүл бурбай жатканын белгиледи. (Директтен видео)

- Балдарды искусствого үндөгөн китептер. "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун колдоосу менен балдарга арналган искусство жөнүндөгү китептердин сериясынын бет ачары өттү. Аларда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын даңазалуу өнөр адамдарынын өмүр баяны, ийгиликке карай жолу тууралуу баяндалат. (Директтен видео)

- «Аялым Шинжаңдагы «лагерде» шал болуп калды». Кытайдан тарыхый мекенине үч жыл мурда көчүп келген казак Женис Заркан туугандарына жолугуу үчүн Шинжаңга барган жубайы камакка алынганын билдирүүдө. (Казакстандан видео)​

- Текебаев президенттен ырайым сурабайт. (видео Директ)

- Майып ата-эне балдар үйүнө алып кетишкен уулун кайра кайтарып алышты. (видео Директ)

- Финансылык чалгын кызматы банктардан эсептердин жана уячалардын ээлери тууралуу маалыматты талап кылууда. Бул мыйзамдуубу? (Настоящее время)

- Бишкекте мыйзамсыз иштеп жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну талап кылган акция өттү. (Настоящее время)

- Азия: Казакстанда камактагылар өз жандарын кыюуга аракет кылышкан. Алматыда камактагылар абактагы шарттарга нааразылык катары өз өмүрлөрүн кыюуга аракет кылышкан. Казакстанда майрам алдында азык-түлүк баалары кескин кымбаттады. АКШга көчүп кетишкен бухаралык еврейлер ата-бабаларынын бейитин карап, Душанбедеги синагогду каржылап келишет. (Настоящее время)

- Жалал-Абад: эркиндиктеги жашоого даярдаган борбор. (Кыргызстандан видео)

- Астананын четинде суусуз жана жолсуз айыл пайда болду (Настоящее время)

- Фергана өрөөнүндө газга кезек күткөн унаалардын тыгыны 5 чакырымга жетти. (видео)

- Кыргызстанда аял айдоочулар иштеген такси кызматы ачылды. (Видео)​

- Жанаозен окуяларына катышкан Кайрат Досмагамбетовдун окуясы. (Казакстандан видео)

- Орусия менен Грузияда Сталиндин туулган күнү кандай белгиленди? (Настоящее время)

- АКШнын коргоо министри эмнеге отставкага кетти? (Настоящее время)

- Чеченстанда адам укуктарынын бузулушу тууралуу баяндама. (видео Директ)

- Крымдын «жаш элитасы» кандай көңүл ачат? (видео Директ)

- Орусияда BBC текшерилүүдө. Британ журналисттеринин күнөөсү эмнеде? (видео Директ)

- Футболдун ордуна муз аянты: Орусияда дүйнөлүк чемпионат үчүн курулган стадиондор кандай пайдаланылууда? (видео Директ)

- Казакстан менен Түркмөнстан курал-жаракка канча акча коротту? 2017-жылы Казакстан курал сатып алууга короткон акчанын көлөмү боюнча дүйнөдө 34-орунду алды. Өлкө бул максатта 452 миллион доллар жумшаган. (Инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG