Ссылки доступа

Дамирбек Асылбек уулу казак жарандыгынан ажыратылды


Аткезчилик боюнча айыпталып, Алматыда камакка алынган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулунун паспорту жараксыз деп табылды. Учурда ал Кыргызстандын жараны катары соттолууда. Бул маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, Дамирбек Асылбек уулун кармаган учурда анын жанынан Казакстандын паспорту табылган.

Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, арасында Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу кыргыз жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.

Алардын ишин Алматы район аралык соту карап жатат. Жараян быйыл 19-октябрда башталган. Ал күнү мурдагы депутат кыргыз жараны экенин билдирип, өзүн Кыргызстанда соттоону суранган.

XS
SM
MD
LG