Ссылки доступа

Өзбекстанда материалдык-маданий мурастар тизмесиндеги 259 объектиге олуттуу зыян келтирилген


Өзбекстанда материалдык-маданий мурастар тизмесиндеги объектилерге мыйзамсыз ээлик кылуу, пайдалануу жана зыян келтирүү учурлары токтобой келет. Бул тууралуу Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасындагы угуулар маалында айтылды.

Маалыматка караганда, өткөн жумада палатада өлкөнүн маданият министри «Маданий мурастар тизмесиндеги объектилерди коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү» мыйзамдын сакталышы тууралуу баяндама жасаган.

Анда материалдык-маданий мурастар тизмесиндеги 259 объектиге олуттуу зыян келтирилгени айтылган. Мисал катары Сурхандарья облусундагы «Сайид Оталик» (XVII кылым) медресеси ижарага берилип, ал кампа катары колдонулуп келгени белгиленген.

Баяндамада айтылгандай, материалдык-маданий мурастар тизмесиндеги объектилердин 2608и гана (34,14 пайызы) наркы жана орточо кирешеси тууралуу маалыматтарга ээ болсо, 2232синде гана (29,5 пайызы) коргоо белгилери бар. Мындан тышкары анда мындай жайлардын көбү реконструкцияга муктаж экени жана алардын туристтик потенциалы талап кылынган деңгээлде натыйжалуу пайдаланылбай жатканы белгиленген.

«Объектилердин көбүндө археолог, архитектор, искусство таануучулар өңдүү бул тармактагы адистер иштешпейт. Мындан тышкары материалдык-маданий жана археологиялык мурастар объектилеринин бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү иштери аягына чыгарыла элек», — деп жазылган министрдин баяндамасында.

Угуулардан кийин Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы бул багытта атайын токтом кабыл алды.

XS
SM
MD
LG