Ссылки доступа

"Өзбекстан сыймыгы" Нуриддинов допингге байланыштуу мелдештерден убактылуу четтетилди


Өзбекстандын оор атлетика боюнча алгачкы чемпиону, “Өзбекстан сыймыгы” наамынын ээси Руслан Нуриддинов допингге байланыштуу мелдештерден убактылуу четтетилди.

Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) кабарлагандай, 2012-жылкы Лондон Олимпиадасынын спортчуларынын допинг-тесттери кайра текшерүүдөн өтүп, Руслан Нуриддиновдун кызытма колдонгону аныкталган. Текшерүү учурунда андан дегидрохлорметилтестостерон табылган.

Руслан Нуриддинов Лондондо 105 килограмм салмак менен төртүнчү орунду алган. Нуриддинов — Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарынын чемпиону, 2013-жылы Польшада өткөн Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси.

Өзбекстан тарыхында оор атлетика боюнча биринчи жолу дүйнө чемпиону болгондуктан ага “Өзбекстан сыймыгы” наамы ыйгарылган.

Буга чейин Эл аралык олимпиадалык комитет 2008 жана 2012-жылдагы Олимпиада оюндарынын допинг-тесттерин кайрадан текшерүүдөн өткөрүп, эркин күрөш боюнча биринчи жана экинчи орунду алган Артур Таймазов менен Сослан Тигиевди олимпиадалык медалдан ажыраткан.

Видео

Видео

ПИН номурдан чыккан чыр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00
XS
SM
MD
LG