Ссылки доступа

Алматыдагы Кытай консулдугу "камактагы казактарды" бошотуу арызын кабыл алган жок


Алматыда «Ел-Аманат» коомдук бирикмесинин бир нече активистти 24-декабрда Кытай консулдугуна Шинжаң районунан келген 26 кайрылмандын колу коюлган арызды тапшырууга аракет жасашты.

Активисттердин айтымында, алардын туугандарын Кытайда камакта кармашууда. Документте кытайлык казактарды бошотуу жана куугунтукка алууну токтотуу өтүнүчү жазылган. Консулдуктун өкүлдөрү каттын авторлору буга чейин казак жарандыгын алышканын белгилеп, арызды кабыл алуудан баш тартышты. Алар бул өтүнүчтү Казакстан Тышкы иштер министрлигине жолдоо керектигин белгилешти.

Уюмдун жетекчиси Ырысбек Токтасындын билдиришинче, ушундай эле катты Казакстан ТИМине мурда эле тапшырышкан. Ал арызды эми Кытайдын Казакстандагы башкы консулдугуна жөнөтүүгө ниеттенүүдө.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгур азчылыктары менен кошо этникалык казактар да куугунтукка кабылып жатканы тууралуу кабарлар мындан эки жыл мурда тарай баштаган. Бул мөөнөт ичинде Кытайдан Казакстанга келген ондогон кайрылмандар тынымсыз маалымат жыйынын өткөрүшүп, Шинжаңдагы саясий лагерлерде кармалып турган жакын туугандарын бошотууга жардам берүүнү өтүнүп келишет.

Расмий Бээжин дооматтарды толугу менен четке кагып, тарбия лагерлерин кесип жана кытай тилин үйрөтүүчү кадыресе борборлор деп мүнөздөөдө.

10-декабрда кытай бийлиги 2 миңден ашуун казак тектүү жарандардын өлкөдөн чыгуусуна уруксат бергени кабарланган.

Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранып жатышат.

XS
SM
MD
LG