Ссылки доступа

Прокурор Telia компаниясынын мурдагы башчыларына катаал жаза берүүнү сурады


19-декабрда Стокгольмдо өткөн Telia телекоммуникациялык компаниясынын мурдагы жетекчилеринин акыркы соттук угуусунда швед прокурорлору айыпталуучуларга оор жаза берүүнү сурашты.

Сотто компаниянын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг, 2003-2007-жылдары каржы директору жана вице-президент болгон Теро Кивисаари, ошондой эле евразиялык бизнес багыт боюнча башкы кеңешчи Ули Туима айыпталып жатат.

Алардын баары Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага өзбек базарына кирүү үчүн 350 млн доллар көлөмүндө пара беришкен деп күнөөлөнүшүүдө.

Соттук угуу учурунда прокурорлор Теро Кивисаарини коррупциялык схеманын башкы орундатуучусу деп атап, аны 7 жыл 9 ай эркинен ажыратууну сурашты.

Швеция мыйзамдары боюнча коррупциялык кылмыш үчүн 6 айдан 6 жылга чейин түрмө жазасы берилет.

​Мамлекеттик айыпталуучулар Ларс Нюберг менен Ули Туиманы да абакка кесүүнү сурашты.

Расмий маалыматтар боюнча Каримова ири өлчөмдө пара алганы үчүн беш жылга соттолгон. Буга чейин Каримова салык төлөөдөн качуу, бөлөк бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу боюнча да айыпталган.

Видео

XS
SM
MD
LG