Ссылки доступа

Алматыда Денис Тендин өлүмү боюнча сот башталды


Бүгүн Алматынын райондор аралык сотунда көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмү боюнча болжолдуу угуулар башталды.

Судья соттолуучулардын жана Денис Тендин апасы Оксана Тендин өтүнүчү менен отурумда сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салды.

Бул иш боюнча айыпталуучу катары үч киши өтүүдө — Арман Кудайбергенов, Нуралы Киясов жана Жанар Толыбаева. Киясов менен Кудайбергенов “Талап тоноо” жана “Адам өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталууда. Мындан тышкары аларга уурулук боюнча дагы айып тагылган. Толыбаева — кылмыш тууралуу укук коргоо органдарына кабарлаган эмес деп күнөөлөнүүдө.

Кылмыш иши 38 сомдон турат. Бул иш боюнча материалдар сот актыларынын ачык базасында жок. Иш сотко өткөндүгү тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары 14-декабрда кабарлашкан.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаа уурулары кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Буга чейин Денис Тендин туугандары анын өлүмү боюнча иште толук маалымат жок экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG