Ссылки доступа

Түркия Сирия менен чек арасына кошумча күчтөрүн жөнөтүүдө


Түркия Сирия менен чек арасына кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө. Бул тууралуу 24-декабрда түрк маалымат каражаттары жазышты.

Мамлекеттик Anadolu жаңылыктар агенттигинин маалыматына караганда, өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагындагы Килис провинциясына аскерлер, танктар жана замбиректер жеткирилди.

Hurriyet гезити ушул дем алыш күндөрдөн бери Сириянын Түркия менен чектеш Ал-Баб аймагына 100гө жакын жүк тарткан унаа өткөнүн кабарлады.

Ал ортодо Anadolu агенттиги Сириянын ичинде Түркия колдогон оппозициячыл согушкерлер Манбиж шаарынын айланасына топтолуп жатканын жазды. Сириянын түндүгүндөгү Манбиж шаарын азыр АКШ колдогон күрт кошуундары ээлеп турат. Анкара аларды Түркиянын ичиндеги күрт согушкерлерине байланышы бар “террорчулар” деп эсептейт.

Өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечими кабыл алынганын билдирген.

XS
SM
MD
LG