Ссылки доступа

Балыкчыда социалдык такси кызматы ишин баштады (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Балыкчыда социалдык такси кызматы ишин баштады. Балыкчынын I топтогу майып тургуну Төлөбек Бейшенбеков «Окей» деп аталган социалдык такси кызматын ишке киргизди. (видео Директ)

- Төрт нөөмөттө билим алгандар. Бир партада үчтөн, бир класста 40тан, төрт нөөмөттө билим алган окуучулар. Бишкек четиндеги Ак-Бата, Ак-Жар жана Адилет жаңы конуштарындагы жүздөгөн окуучулардын көргөн күнү ушундай. (Директтен видео)

- Ар элдин майрамы - бир улуттун жүзү. Улуттук филармонияда өткөн “Өнүккөн элет жерибиз, көп түрдүү кыргыз элибиз” аттуу этномаданий фестиваль Кыргызстандагы ар түрдүү элдердин маданий майрамына айланды. Ар кыл тилде ырлар жаңырып, түрдүү улуттун жүзүн чагылдырган бийлер көрсөтүлгөн этнофестивалды Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргызстан элинин Ассамблеясы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурган. (Директтен видео)

- Элдин эсебинен эс алгандар. Орусияда бийлик өкүлдөрү кайрымдуулуктун эсебинен балдарын Түркияга эс алууга жиберишкен. Алардын арасында шаар мэринин да кызы бар. Кабулдагы согушкерлердин кол салуусунан кырктан ашуун киши набыт болду. Ирандын стратегиялык Чабахар порту Индиянын башкаруусуна расмий өткөрүлүп берилди. (Директтен видео)

- Жаңы жылдык маанай. Бишкек Жаңы жылга даярданууда. (сүрөт баян)

- Казакстанда көркөм муз тебүү чебери Тендин өлүмү боюнча сот отурму өттү. (Настоящее время)

- Кытайдын консулдугу казактардын кайрылуусун кабыл алган жок. (Казакстандан видео)

- Өзбекстандагы эски буюмдарды саткан ири базар мышык ыйлаар абалда. (видео)

- Тажикстандагы мода-2018: улуттук кийимдерге суроо-талап көп. (видео)

- Тажикстандагы акыркы синагога: раввин кетип калган, сыйынуучулар элүүгө жетпейт. (Настоящее время)

- «Аялым Шинжаңдагы «лагерде» шал болуп калды». Кытайдан тарыхый мекенине үч жыл мурда көчүп келген казак Женис Заркан туугандарына жолугуу үчүн Шинжаңга барган жубайы камакка алынганын билдирүүдө. (Казакстандан видео)​

- Майып ата-эне балдар үйүнө алып кетишкен уулун кайра кайтарып алышты. (видео Директ)

- Финансылык чалгын кызматы банктардан эсептердин жана уячалардын ээлери тууралуу маалыматты талап кылууда. Бул мыйзамдуубу? (Настоящее время)

- Жалал-Абад: эркиндиктеги жашоого даярдаган борбор. (Кыргызстандан видео)

- Индонезияда жанар тоо жарылгандан кийин өлкөнү цунами каптады. (Настоящее время)

- Фергана өрөөнүндө газга кезек күткөн унаалардын тыгыны 5 чакырымга жетти. (видео)

- Кыргызстанда аял айдоочулар иштеген такси кызматы ачылды. (Видео)

- Жанаозен окуяларына катышкан Кайрат Досмагамбетовдун окуясы. (Казакстандан видео)

- Орусияда аткаминерлердин балдары «оорулуу балдарга жардам» фондунун эсебинен Түркияга эс алып келишкен. (Настоящее время)

- Чеченстандык блогер Польшадан мекенине экстрадицияланышынын кесепеттери тууралуу айтып берди. (видео Директ)

- Футболдун ордуна муз аянты: Орусияда дүйнөлүк чемпионат үчүн курулган стадиондор кандай пайдаланылууда? (видео Директ)

- Казакстан менен Түркмөнстан курал-жаракка канча акча коротту? 2017-жылы Казакстан курал сатып алууга короткон акчанын көлөмү боюнча дүйнөдө 34-орунду алды. Өлкө бул максатта 452 миллион доллар жумшаган. (Инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

Видео

Эки айылды араздаштырган арык
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:20 0:00
XS
SM
MD
LG