Ссылки доступа

Кытайда автобус айдап качкан адам жөө кишилерди тебелетип кетти


25-декабрда Кытайдын Лунъянь шаарында автобусту айдап качкан адам көчөдөгү жөө кишилерди тебелетип кетти. Жыйынтыгында беш адам мерт болуп, дагы 20сы жаракат алды.

Жергиликтүү полиция окуя болгон жерден бычак менен куралданган эркек киши кармалып, учурда тергөө иштери башталганын кабарлады. Азырынча анын мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз.

Буга окшогон кол салуу быйыл апрелде Канадада болгон. Анда Торонто шаарында автоунаачан адам жөө адамдарды сүзүп, 10 киши мерт болгон.

Ага чейин жүк унаасы менен адамдарды тебелетип кеткен учурлар дүйнөнүн бир катар шаарларында да болгон:

XS
SM
MD
LG