Ссылки доступа

Рахмон парламенте жолдогон кайрылуусунда Тажикстандагы үч маанилүү окуяны атады


Суу ресурстары боюнча эл аралык резолюциянын кабыл алынышы, Рогун ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке берилиши, Тажикстан менен Өзбекстан башчыларынын мамлекеттик сапарлары – узап бара жаткан жылдагы үч маанилүү окуя.

Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө парламентине жолдогон кезектеги кайрылуусунда билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Тажикстандын демилгеси менен 21-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында «Суу – 2018-2028-жылдардагы туруктуу өнүгүү үчүн» резолюциясы кабыл алынган.

Рахмондун пикиринде, Рогун ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке берилиши, Тажикстан үчүн тагдыр чечүүчү экинчи маанилүү окуя болуп эсептелет. ГЭСтин кийинки агрегаты 2019-жылы даяр болот.

3600 мегаватт кубаттуулукка ээ Рогун ГЭСи Борбор Азия чөлкөмүндөгү эн ири гидроэлектростанция болуп калат.

Үчүнчү маанилүү окуя – Тажикстан жана Өзбекстан башчыларынын мамлекеттик сапарлары. Мартта Өзбекстан президенти Тажикстанга алгач ирет мамлекеттик сапар менен келген. Анда эки тараптуу кызматташтык боюнча 27 документке кол коюлган, алардын арасында 30 күндүк мөөнөткө визасыз жүрүү макулдашуусу да бар.

Тажикстан лидери жыл сайын бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары, пенсия жана стипендиялар 10-15% көбөйөрүн белгиледи. «Кытай, Ооганстан, Кыргызстан менен байланыштырган эл аралык жолдордун курулушу, Өзбекстан менен темир жол байланышын калыбына келтирүү -Тажикстанды коммуникациялык туюктан чыгарды », - деп билдирди Рахмон.

XS
SM
MD
LG