Ссылки доступа

Ар элдин майрамы - бир улуттун жүзү (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Прокурорлордун табышмактуу өлүмү. Жыл аяктап бараткан айларда Ош, Баткен облусунда кандуу окуялар катталды. Эки прокурордун, жергиликтүү депутаттын өлүмү боюнча бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айың сөздөр тарап, табышмактуу жагдайларга жооп табылбай келет. Бул окуялардын себебин аймактагы аткезчилик, коррупция менен байланыштыргандар бар. (видео)

- Тор көйнөкчөн модель токмок жеди. Казакстандык модел, Жаштар парламентинин депутаты көкүрөгү көрүнгөн тор көйнөк кийип, мода көрсөткөндөн кийин зомбулукка кабылды. Мексика бийлиги оппозициячыл губернатор айым менен анын күйөөсү-сенатордун өмүрүн алган авиакырсыктын себептерин иликтөөнү баштады. (видео)

- Сатира-2018: "Ар бир айдын алтысы" долбоорунун сатиралары. 2018-жылы Рахман Разыков, Болсунбек Стакеев, Каныбек Разыков, Борончу Кудайбергенов, Канат Шанаев, Таласбек Кашкариев баштаган куудулдар тобу да коррупция, мамлекеттик карыз, чек ара, мигранттар, жер сатуу жана башка саясий темалар жөнүндө сатираларды сунуш кылды. (видео)

- Ар бир баланын кыялы бар. 2018-жылдын ичинде президент Сооронбай Жээнбековго 600 бала ар кандай өтүнүч менен кат аркылуу кайрылган. 26-декабрда өлкөнүн ар кайсы аймагынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган 1100 окуучу, Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары Улуттук филармонияда өткөн президенттик балаты майрамына катышты. Алардын айрымдары өлкөнүн алыскы айылдарынан келип, борбор калааны биринчи жолу көрүштү. (видео)

- Ар элдин майрамы - бир улуттун жүзү.

- Жалал-Абад — Анжиян темир жол каттамын калыбына келтирүү аракети. (видео)

- Убадаланган жумуш үчүн көчүп баруу. Мамлекеттик программа менен түштүктөн түндүккө көчүп барган жубайлар жумушка орношо албай жатышат. Алты баласы менен Жамбыл облусунан Түндүк-Казакстан облусуна көчүп барган ата-эне жумушсуз отурат. (Казакстандан видео)​

- Жаңы жылдык маанай. Бишкек Жаңы жылга даярданууда. (сүрөт баян)

- Абаев: «Орусиянын «Кванты» менен эч кандай байланышыбыз жок». Казакстандын маалымат министри Даурен Абаев Орусиянын ФСБсына таандык «Квант» ишканасы өлкөдө соцтүйүндөргө көзөмөл кылуу системасын түзүүгө катышып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты. (Казакстандан видео)

- Бизди таштап кеткендер. Азаттык 2018-жылы каза болгон белгилүү казакстандыктарды эскерди. (видео)

- Балыкчыда социалдык такси кызматы ишин баштады.Балыкчынын I топтогу майып тургуну Төлөбек Бейшенбеков «Окей» деп аталган социалдык такси кызматын ишке киргизди. (видео Директ)

- Тажикстандагы мода-2018: улуттук кийимдерге суроо-талап көп.(видео)

- Тажикстандагы акыркы синагога: раввин кетип калган, сыйынуучулар элүүгө жетпейт. (Настоящее время)

- Майып ата-эне балдар үйүнө алып кетишкен уулун кайра кайтарып алышты. (видео Директ)

- Финансылык чалгын кызматы банктардан эсептердин жана уячалардын ээлери тууралуу маалыматты талап кылууда. Бул мыйзамдуубу? (Настоящее время)

- Клинцы шаарынын башчысы аткаминерлердин балдарынын Түркияга эс алып келген акчасын кайрымдуулук фондуна кайтарып берди. Калаа башчысы Олег Шкуратов кайрымдуулук фондунун эсебинен Түркияда эс алган аткаминерлердин балдарынын жолдомо акыларын өзү төлөп берерин билдирди. (видео Директ)

- Жалал-Абад: эркиндиктеги жашоого даярдаган борбор.(Кыргызстандан видео)

- Индонезияда жанар тоо жарылгандан кийин өлкөнү цунами каптады. (Настоящее время)

- Минск мунай үчүн Москва менен кандай урушкан? (Настоящее время)

- Дүйнө лидерлери БУУда эмнелери менен эсте калды? Башкы Ассамблеянын 2018-жылдагы эң көрүнүктүү учурлары. (видео Директ)

- 2019-жылы Украинадагы цирктер жаныбарларсыз калышы мүмкүн. (видео Директ)

- Казакстан менен Түркмөнстан курал-жаракка канча акча коротту? 2017-жылы Казакстан курал сатып алууга короткон акчанын көлөмү боюнча дүйнөдө 34-орунду алды. Өлкө бул максатта 452 миллион доллар жумшаган. (Инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG