Ссылки доступа

Казакстанда өзүн иш менен камсыздагандар салык төлөөгө милдеттендирилди


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүн-өзү иш менен камсыздаган жарандарды 1-январдан тарта бирдиктүү жалпы төлөм төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду.

Мыйзам долбоорун парламент Сенаты өткөн жумада жактырган. Анын авторлору бирдиктүү жалпы төлөмдүн киргизилиши — бейрасмий иштеген жарандардын милдеттүү медициналык камсыздоо жана пенсия топтоо системаларына катышуусуна мүмкүн берерин билдиришүүдө.

2017-жылы сентябрда парламент жыйынында президент Нурсултан Назарбаев өзүн-өзүн иш менен камсыздоону салыктан качуу деп атап, өкмөткө аларды “көлөкөдөн” алып чыгууну тапшырган. Быйыл апрелде өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги өзүн иш менен камсыздаган жарандардга карата бирдиктүү жалпы төлөм режимин киргизүү долбоорун сунуштаган.

Ага ылайык, бирдиктүү жалпы төлөмдү өз чарбасында өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын саткандар, жеке жактарга кызмат көрсөткөндөр жана жеке иштерди аткарып, жалданма адамдардын эмгегин пайдаланбаган жарандар төлөйт. Ошол эле маалда алардын календардык жылдагы кирешеси бир айлык эсептик көрсөткүчтөн (2019-жылы ал айына 247 миң теңгени же 650 долларды түзөт) ашпашы керек. Жарандардын калган категориясы үчүн салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөнүн учурдагы тартиби сакталып калат.

Декабрдын башында өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова бирдиктүү жалпы төлөмдүн киргизилиши менен 500 миңден ашык жарандын ишмердүүлүгү формалдашып, аларга учурдагы салык режими менен иштеген 65,4 миң жаран кошулат деп күтүлүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG