Ссылки доступа

Тажикстан Коргоо министрлиги аскердик наамдарды тажикче которуу сунушун четке какты


Тажикстандын Коргоо министрлиги улуттук армиянын офицердик жана сержанттык курамына берилчү аскердик наамдарды мамлекеттик тилге которуу тууралуу Тил жана терминологиялар комитетинин сунушун четке какты.

«Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ушундай эле аскердик аталыштар бар жана аларды тажик тилине которуунун эч кандай зарылдыгы жок», — деп жазылган коргоо мекемесинин расмий жообунда.

Өкмөттүн алдындагы Тил жана терминологиялар комитетинин өкүлү Абдурахим Зулфониёндун айтымында, Коргоо министрлиги алардын котормосун «туура эмес» деп тапкан.

«Мындан тышкары министрликтин расмий катында мекемеде аскер наамдарынын аталышын реформалоого акча жок экени жазылган», — деди ал.

Эки ай мурда Тил жана терминологиялар комитети улуттук армиянын офицердик жана сержанттык курамына берилчү аскердик наамдардын тажикче аталыштарын сунуштаган. Аларды мамлекеттик тилге которууга окумуштуулар, тарыхчылар жана аскер кызматкерлери катышкан.

Адистердин сунушуна ылайык, аскер наамдары тажикче төмөндөгүдөй аталышка ээ болмок: ефрейтор - радабон, кенже сержант - даставар, сержант - дастаёр, улук сержант - дастабон, старшина - сардаста, капитан – садавар, подполковник – лашкарёр, полковник – сарлашкар.

Абдурахим Зулфониён аскердик наамдардын тажик тилине которулган версиясы «жакшы мезгил келгенче» архивде сактала турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG