Ссылки доступа

Адвокат: Трамп мындан ары атайын прокурордун суроолоруна жооп бербейт


Рудольф Жулиани

Дональд Трамп мындан ары Орусиянын 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү тууралуу атайын прокурор Роберт Мюллердин суроолоруна жооп бербейт. Бул тууралуу Hill TV телеканалына берген интервьюсунда президенттин адвокаты Рудольф Жулиани билдирди.

Анын белгилешинче, Ак үйдүн башчысы атайын прокурордун командасына жетиштүү маалыматтарды берген.

Жулиани буга чейин Fox News телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып, Трамптын тергөөчүлөр менен жеке жолугушуусуна каршы болуп жатканын, анткени алар суроолору менен президентти адаштыруусу мүмкүндүгүн айткан. Ошол эле маалда ал Мюллердин командасынын кошумча суроолоруна адвокаттар өздөрү эле жооп бере ала турганын белгилеген.

Мындан тышкары Жулиани атайын прокурорду ФБРдин мурдагы тыңчысы Питер Стржок экөө жазышкан каттарды өчүрүүгө мүмкүндүк берген деп айыптаган. Стржок кесиптешине жөнөткөн катта Трамптын президент болуп шайланышына тоскоолдук кылуу ниетти жөнүндө жазганы айтылып жүрөт. Кат алышуу мурдагы тыңчы атайын прокурордун командасында иштеп жүргөн мезгилде болгон. Алардын каттары ФБРдин серверлеринде сакталуу болгон, бирок АКШ Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам алар биротоло өчүп калып, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой калган.

АКШда Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү иликтенүүдө. Былтыр августтун башында атайын прокурор Мюллер шайлоодогу «Орусия изин» тергөө үчүн сот арачыларынын чоң коллегиясын чогулткан. Ал Трамптын шайлоо штабы жеңишке жетүү үчүн Кремль менен көмүскө бүтүмгө барган-барбаганын аныктоодо. Өз кезегинде Москва башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго кийлигишкенин четке кагып келет.

Видео

Видео

Эки айылды араздаштырган арык
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:20 0:00
XS
SM
MD
LG