Ссылки доступа

Ашхабаддагы кичи район тургундары Жаңы жылды муздак батирлерде тосот


Ашхабад (иллюстрациялык сүрөт)
Ашхабад (иллюстрациялык сүрөт)

Ашхабаддын 5-кичи районунун тургундарына Жаңы жылды муздак батирлерде тосушат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, учурда аталган кичи райондогу 70 көп кабаттуу үйдө жылуулук жок. Кыш башталганда алардын эскирген жылуулук түтүктөрү алмаштыруу үчүн алынган.

«Алгач тургундар сүйүнүп жатышкан, бирок кийинчерээк кыйынчылыктарга дуушар болушту. Анткени үйлөрдүн жанындагы эки метр тереңдиктеги чуңкурлар жашоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратууда. Жаңы жылуулук түтүктөрү болсо дале орнотула элек», — деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

XS
SM
MD
LG