Ссылки доступа

Юрист экологиялык коопсуздук боюнча Алматы акимчилигин жоопко тарттыра алган жок


Алматынын Бостандык райондук соту юрист Алнур Ильяшевдин акимчиликтен атмосферага бөлүнгөн зыяндуу калыктарды азайтуу милдетин орундатууну талап кылган доо арызын канааттандырган жок.

Алматылык Ильяшев администрация 2009-2018-жылдарга карата айлана-чөйрөнү булгоону азайтуу боюнча комплекстүү программадагы милдеттемелерин аткарбай жатат деген пикирде. Программада шаардын абасын булгап жаткан ЖЭБ-2 мекемесине тазалоочу курулмаларды орнотуу, бара-бара аны жаратылыш газына өткөрүү иш-чаралары каралган. Ильяшев Алматы акимчилиги экологиялык коопсуздук боюнча тиешелүү чара көрбөй жатат деп сотко кайрылган.

Акимчилик доо арыздагы талаптар менен макул болгон жок. Сотто жергиликтүү бийликтин өкүлү экологиялык абалды жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Ал доогер белгилеген комплекстүү программа 2011-жылы эле шаардык кеңештин чечими менен күчүн жоготконун кошумчалады. Акимчиликтин юристинин айтымында, ЖЭБ-2ни модеринизациялоону каржылоо боюнча жергиликтүү бийликке эмес, “Алматы электр станциялары” компаниясынын кожоюнуна кайрылуу керек.

Сот комплекстүү программа жокко чыгарылганына байланыштуу доо арызды канааттандыра албай турганын билдирди.

Алнур Ильяшев акимчиликти ушуну менен экинчи жолу сотко берип жатат. Ал тынч митингдерди өткөрүүгө 32 жолу тыюу салынганы үчүн күзүндө шаардык администрацияга каршы арыз жазган. Бирок сотто утулуп калган.

Видео

Видео

Айылына спорт зал салып берген мигрант
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG