Ссылки доступа

1,3 миң тажик үй-бүлөсү Орусияга көчүп кетүү укугун алды


Орусиянын Тажикстандагы элчилигинин имараты
Орусиянын Тажикстандагы элчилигинин имараты

Быйыл 11 айдын ичинде Тажикстанда 1,3 миң үй-бүлө (5,5 миң адам) Орусиянын «Мекендештер» программасынын алкагында көчүп кетүү укугун алышты. Бул тууралуу Орусия Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Владимир Маркевич билдирди.

Анын айтымында, жыл соңуна чейин бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн. «Алсак, былтыр 1200 үй-бүлө чыгып кеткен. Быйыл андан 200гө көп болот. 2016-жылы болсо 820 үй-бүлө кеткен», — деди ал.

Маркевичтин белгилешинче, тажикстандыктардын арасында Орусиянын Тамбов, Воронеж, Саратов, Самара жана Свердлов облустарына, ошондой эле Хабаровск крайына кетүүнү каалагандар көп болууда. «Бул аймактардан аларга 250 миң рубль, андан тышкары ар бир үй-бүлө мүчөсүнө 120 миң рублдан берилет. Учурда бул сумманы көбөйтүү маселеси каралууда», — деди Маркевич.

​Бирок анын айтымында, кайрылгандардын 20 пайыздан ашпаганы гана программанын алкагында көчүп кете алышат. «Калгандары арыз берүүдө башка максаттарды көздөшөт: алар мамлекеттик программа Орусиянын жарандыгын жеңилдетилген шартта алууга жана кийин патент албастан, салык төлөбөстөн иштөөгө мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет», — деди Маркевич.

Тажикстанда Орусияда жашап жана иштегенди каалагандар башка КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу кыйла көп. 2016-жылы аталган программанын негизинде көчүп кетүү үчүн күбөлүк алууга 14 миң тажик жараны арыз берген.

XS
SM
MD
LG