Уилан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан 28-декабрда кармалып, ага карата «Тыңчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер анын күнөөсү далилденсе 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Шаршембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Уиланга америкалык консулдун жолугушуусуна уруксат берилгенин билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, 48 жаштагы Пол Уилан америкалык BorgWarner компаниясынын коопсуздук боюнча директору болуп иштейт. Компания автоунаа тетиктерин өндүрүү менен алектенет. Мындан тышкары Уиландын отставкадагы деңиз аскери экени кабарланууда. Ал Ирактагы согуштук өнөктүккө эки жолу катышып, АКШ куралдуу күчтөрүнөн уурулугу үчүн кетирилген.
Уиландын туугандары анын Чалгын кызматы менен байланышы бар экенин четке кагышууда. Алардын айтымдарында, ал Москвага досунун үйлөнүү тоюна катышуу үчүн барган. Мурдараак The Washington Post гезити кармалган адам орус тилинде сүйлөй ала турганын жана 2007-жылдан бери Орусияга байма-бай каттап келгенин жазган.