Маалыматка караганда, демонстранттар аталган штаттагы Сабаримала шаарынын бир нече жолун тосушту. Акциянын айрым катышуучулары дүкөн ээлерин дагы иш таштоого чакырышууда. Штаттын кээ бир райондорунда демонстранттар полиция кызматкерлерин көздөй таштарды ыргытышты.
1-январда бир нече кылымдан бери алгачкы жолу эки аял храмга кирип сыйынып, ошол эле күнү аялдар гендердик теңдикти колдоп акцияга чыгышкан. Бийликтин маалыматы боюнча ага жалпысынан беш миллиондон ашык аял катышты.
Узак убакыттан бери 10 жаштан 50 жашка чейинки аялдарга Сабаримала храмына кирүүгө тыюу салынып келген. Былтыр сентябрда өлкөнүн Жогорку соту бул тыюуну расмий алган. Бирок эркектер храмга кирүүнү каалаган аялдарга таш ыргытып, киргизбей келишкен.