Ссылки доступа

Анжиянда арстан зоопарк кызматкерин талап салды


Иллюстрациялык сүрөт

Анжиян зоопаркында арстан тамак берүү үчүн торго кирген адамды талап салды.

Зоопар кызматкерлеринин биринин айтымында, окуя 28-декабрда болгон.

– Арстан кызматкер тамак берүү үчүн киргенде талап салды. Бизде ал ачка болушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз», — деди ал.

Бул маалыматты Анжиян шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери ырастап, бирок окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берүүдөн баш тартты.

Чоңдугу жагынан Өзбекстандагы экинчи зоопарк эсептелген Анжияндагы зоопарк 2016-жылы ачылган. Учурда анда 50дөн ашык жаныбар кармалууда.

Буга чейин Өзбекстан зоопарктарында жаныбарлар адамдарга кол салган учурлар болгон эмес.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG