Ссылки доступа

Кыйноолорго каршы күрөшүү үчүн айнек сурак бөлмөлөрү ачылды


Для борьбы с пытками МВД Кыргызстана устанавливает прозрачные комнаты для допросов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Кыргызстандагы бир нече милиция бөлүмүндө айнек сурак бөлмөлөрү ачылды. Анда жазылган видео жана аудио файлдар Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурага жөнөтүлүп турат.

«Биз бул милиция бөлүмүн бардык керектүү нерселер, анын ичинде жаңы программалык камсыздоо, күзгү айнеги, үн жаздыруу жабдуулары менен жабдууга аракет кылдык. Булардын баары мындай жайлардагы кыйноолорду азайтууга жардам берет», — деп билдирди Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр.

Сурак бөлмөлөрүндө жазылган файлдар РИИБ башчысына, ички иштер министрине жеткиликтүү болуп, автоматтык түрдө Башкы прокуратурага жөнөтүлүп турат.

"Учурда ушундай эле долбоор Сокулук районунда аяктап калды. Ош шаарында, Кара-Суу районунда дагы бул багытта иштер жүрүп жатат. Кийинки кадамдар каражат маселесине жараша болот», — деди ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

Пилоттук долбоор былтыр адам укуктары бузулган учурлар көп катталган милиция бөлүмдөрүндө ишке берилди.

Система милиция кызматкерлерин коргоого дагы багытталган. Мындан кийин кыйноого алуу тууралуу жалган маалыматтарды берүү мүмкүн болбой калат.

XS
SM
MD
LG