Соттун өкүмү окулгандан кийин Жаксыбаевди колдогон ондогон аманатчы жаңжал чыгарып, залдагы отургучтарды ыргыта башташкан. Көп өтпөй чакырылган полиция кызматкерлери нааразы болгон кишилерди кармап кетти.
Тергөөнүн версиясы боюнча Жаксыбаев 2016-2017-жылдары APPORT деген мобилдик тиркеме түзүп, киреше табасыңар деп актөбөлүктөргө анын акционери болууну сунуштаган. Ага ишенген кыркка жакын киши долбоорго акча салган.
Соттун маалыматына караганда, Жаксыбаев жалпысынан жергиликтүү тургундардан 167 миллиондон ашык теңге чогултуп, алардын көбүн өзүнө алып алган.