Ссылки доступа

Ошто соодагерлер базарды көчүрүүгө каршы болушууда


Ош шаарынын Кулатов кичирайонундагы Батыш базарынын ордуна аллея куруу тууралуу мэриянын буйругу 8-январда күчүнө кирет. Базардын көчүрүлүшүнө каршы соодагерлер президентке, борбордук жана жергиликтүү бийлик башчыларына кайрылып, аллеянын курулушун 2025-жылга чейин токтотууну өтүнүшүүдө.

Базарда 200дөй киши соода кылат. Алардын ичинен 93 чакан ишкер базарда соода жайын белгилүү мөөнөткө ижарага алып иштетет. Базар эл ичинде "Батыш кичирайону" деп аталган Кулатов кичирайонунун аймагындагы Бекмамат Осмонов жана Көкүм бий көчөлөрүнүн тоомунда жайгашкан. Аталган көчөлөр Баткен облусу, Араван району менен да байланыштырып тургандыктан, аталган базарга ары-бери каттагандар да көп кайрылышат.

Анар кичирайонунун тургуну, базардагы соодагерлердин бири Айтолкун Адылбекова кошуна Төлөйкөн, Анар кичирайондорунун тургундарына да ушул базар ыңгайлуу болгонун айтты:

- Долбоордо айтылган “Нирвана” кафесинен тартып, “Блондер” же “Барсбек” кафелерине чейинки аймакты аллея куруп, жашылдандыра беришсин. Базарга тийбей эле коюшсун. Борбордук базар бизге алыс. Бул базарда ар бир соода түйүнүндө үч-төрттөн киши иштеп, үй-бүлөсүн багып жатат. Жыл сайын бюджетке 6 миллион сом киреше түшүрүп турабыз. Ижара акы төлөп жатабыз.

Ушундай жүйөлөрдү келтирген соодагерлер жана алардын тарапкерлери шаардын жетекчилигин "кеңешип-кептешпей чечим чыгарды" деп сындап жатышат.

Шаардын жетекчилиги болсо бардык аракеттер мыйзам чегинде жана алдын-ала эскертүүлөргө ылайык жүрүп жатканын, жерди ижарага алуу мөөнөтү бир жылдан ашык мөөнөткө түзүлбөй турганын айтууда.

Буга чейин чакан ишкерлерге шаардагы канаттуулар базарынын аймагынан иш орундар сунушталганы, бирок соодагерлер көнбөй, "насыяларды төлөп алалы" деп, 2025-жылга чейин базарды көчүрбөй турууну суранып жатышканы кабарланган.

Кулатов кичирайонундагы жолду жээктеген базарды, соода жайларын көчүрүп, ордуна аллея куруу тууралуу буйрукту шаар мэриясы 2018-жылдын 25-ноябрында чыгарган. Бул буйрук 8-январда күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG