«Ал 1-январда уурадалган. Азыр Тажикстан жаранын издөө иштери уланып жатат», — деп билдирди булак.
Анын айтымында, азырынча чабандын эмне себептен уурдалгандыгы жана учурда анын кайсыл жерде экендиги белгисиз. Ал Тажикстандын Чек ара кызматы тажик-ооган чек арасынын аталган бөлүгүндө көзөмөлдү күчөткөнүн кошумчалады.
Маалыматка караганда, 42 жаштагы Турахон Нурматов 2015-жылы маңзат аткезчилиги үчүн 17 жылга соттолгон жергиликтүү тургун Саймуддин Курбоновдун үйүндө чабан болуп иштеп жүргөн.
Булактын айтымында, куралдуу ооганчылар Тажикстан аймагына түштө кирип келишкен. «Эки чабан болгон. Ооганчылар алардан нан менен суу сурашкан. Кечинде болсо Турахонду өзүлөрү менен кошо алып кетишкен», - деди ал.
Тажикстандын Чек ара кызматы чабандын уурдалгандыгы тууралуу маалыматты ырастаган дагы, четке каккан дагы жок.
Буга чейин тажик-ооган чек арасында ооган маңзат аткезчилери карыз болуп калган адамдарды өлтүрүп, же алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, жумушчуларын уурдап кетип, акча талап кылган учурлар катталган.