Ссылки доступа

Москвада тыңчылыкка шектелип кармалган АКШ жаранына айып тагылды


Пол Уилан
Пол Уилан

28-декабрда Москвада кармалган АКШ жараны Пол Уиланга тыңчылык боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги өз булактарына таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Уиган айыптоолорду четке кагууда.

Адвокат Владимир Жеребенков Уиландын камакка алынышы боюнча Москва шаардык сотуна даттанып, аны күрөөгө кое берүүнү өтүнүүдө.

ФСБ 48 жаштагы Уиланды 28-декабрда кармаган. 29-декабрда Москванын Лефортов райондук соту ага камакка алуу бөгөт чарасын белгилеген. Ал тагылган айыптар боюнча 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

  • «Росбалт» агенттиги атайын кызматтагы өз булактарына шилтеме кылуу менен Уилан Орусиянын жашыруун мекемелеринин биринде иштеген кызматкерлердин тизмеси жазылган флеш-картаны алып жатканда кармалганын билдирүүдө. Агенттиктин маектеши ал маалыматтар мамлекеттик сыр экенин айткан.
  • Шаршембиде "Лефортово" тергөө абагында жаткан Уилан менен АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман жолуккан. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусиядан америкалык жаранга тагылган айыптоолордун чоо-жайын сурап, аны тез арада бошотууну талап кылганын билдирди.
  • 48 жаштагы Пол Уилан америкалык BorgWarner компаниясынын коопсуздук боюнча директору болуп иштейт. Компания автоунаа тетиктерин жеткирүү менен алектенет. 1994-жылдан 2008-жылга чейин АКШнын деңиз аскер корпусунун резервдеги кызматкери катары кызмат өтөгөн. Армиядан уурулук айыбына байланыштуу кетирилген.
  • Уиландын туугандары анын Чалгын кызматы менен байланышы бар экенин четке кагышууда. Алардын айтымдарында, ал Москвага досунун үйлөнүү тоюна катышуу үчүн барган.
XS
SM
MD
LG