Ссылки доступа

АКШ Конгрессинин спикерлигине демократ Нэнси Пелоси шайланды


АКШ Конгрессинин спикерлигине Демократиялык партиянын өкүлү Нэнси Пелоси шайланды. Анын талапкерлигин 219 конгрессмен колдосо, 192си каршы добуш берди. Пелосинин атаандашы республикачылардын палатадагы лидери Кевин Маккарти болгон.

Конгресстин жаңы курамы ишин кечээ 3-январда баштады. Анда 2018-жылдын ноябрында өткөн шайлоодо демократтардын көзөмөлүнө өткөн Өкүлдөр палатасынын сессия ачылды. Ошол эле маалда көпчүлүктү республикачылар сактап калган Сенат дагы өз ишин баштады.

Буга чейин Пелоси жакында Мексика менен чек арага дубал куруу үчүн акча бөлбөстөн эле мамлекеттик мекемелердин ишин калыбына келтире турган мыйзам долбоору кабыл алына туранын убадалаган. NBC телеканалына берген интервьюсунда Конгресстин төрайымы АКШ президенти Дональд Трамп дубалдын курулушуна акча ала албай турганын билдирген.

АКШ Сенатындагы республикачылардан турган көпчүлүк демократтардын планы Трамптын колдоосу жок сенаторлордун кароосуна чыгарылбайт деп болжолдошууда. Президент буга чейин «шатдаун» деп аталган өкмөттүн убактылуу ишин токтотушу дубал курулушуна акча бөлүнмөйүнчө улана турганын билдирген.

22-декабрда Ак үй бир жыл ичинде үчүнчү жолу федералдык өкмөттүн иши убактылуу токтогонун билдирген. Мыйзам чыгаруучулар Мексика менен чек арага дубал куруу долбоорун каржылоо тууралуу бир пикирге келе алышкан эмес. Президент бул долбоорго 5,7 млрд доллар сураган. Өкүлдөр палатасы аны колдоп берген, бирок сенаттагы демократтар каршы болууда.

«Шатдаундан» улам АКШнын мамлекеттик мекемелеринин төрттөн бири өз ишин убактылуу токтоткон. Өкмөттүн жарым-жартылай жабылышы 800 миңден ашык федералдык кызматкерге таасир этип, алардын жарымынан көбү айлыксыз ишин улантышкан.

Нэнси Пелоси 78 жашта. Ал Өкүлдөр палатасында 2003-жылдан бери демократтардын лидери болуп келген. 2007–2011-жылдары Өкүлдөр палатасынын алгачкы аял төрайымы болгон. 2010-жылы демократтар утурумдук шайлоодо жеңилгенден кийин парламенттик азчылыкты жетектеген.

Видео

Видео

Чемпион кыздарды таптаган Дүйшөн агай
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:19:11 0:00
XS
SM
MD
LG