Ссылки доступа

Тажикстанда белгилүү адвокат Файзинисо Вохидова каза болду


Файзинисо Вохидова

4-январга оогон түнү Тажикстанда белгилүү укук коргоочу жана адвокат Файзинисо Вохидова каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматына анын келини Тахмина Рахимова билдирди.

Маалыматка караганда, адвокат түнкү саат экилерде Бобожонгафур райондук ооруканасында көз жумган. Ал ооруканага 10 күн мурда пневмония диагнозу менен жеткирилип, реанимаия бөлүмүндө жаткан.

Белгилүү адвокат 4-январда Бобожонгафур районунда жерге берилет.

Москва мамлекеттик университеттин юридика факультетин аяктаган Файзинисо Вохидова 1995-жылдан бери адвокат болуп иштеп келген. Ал бийликтин саясий каршылаштарына, журналистерге жана кыйноолордун курмандыктарына юридикалык жардам көрсөтүп келген Тажикстандагы акыркы укук коргоочулардын бири болгон. Мындан тышкары өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерди ачык сындап, социалдык түйүндөргө саясий мүнөздөгү билдирүүлөрдү жарыялап келген.

2017-мартта Файзинисо Вохидова президент Эмомали Рахмонго ачык кат менен кайрылып, кесиптеши Бухургмехр Ёровго карата чыгарылган адилетсиз сот өкүмүн 1937-жылдагы сталиндик репрессиялар менен салыштырган.

Видео

Видео

Айылына спорт зал салып берген мигрант
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG