Life.ru жазгандай, Мангитогорск шаарында курулушта иштеген Алан Абдуллаев 31 - декабрь күнү эртең менен намазга туруп, жарылуунун үнүн биринчилерден болуп уккан:
--Намаз окуганы тургам. Жарылуунун үнүн угуп, дароо кийиндим. Ал жерде кишилер туруптур - эч ким жологон жок. Балалуу аялды алып чыктым. Бирөөнү күтүп тургам, аты - Женя. Женя менен өрттөнүп жаткан жерге бардык. Ал жерден чоң энени аман алып чыктык. 20-25 мүнөттөн кийин куткаруучулар келди.
Алан азыркыга чейин трагедия болгон жерге ыктыярчы катары келип, куткаруучуларга жардам берүүдө.
31-декабрдын таңында Магнитогорскиде он кабаттуу үйдө подьезд толугу менен урап түшкөн. Кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 35 батир толугу менен 10 батир жарым-жартылай бузулганын кабарлаган. Куткаруучулар урандылардын астынан 39 кишинин сөөгүн табышты. Кырсык болгон подъезде 110 адам катоодо турган.