Ссылки доступа

Тажикстанда соттолгондор менен жолугушуу тартиптери катаалдашты


Хожент абагындагы тополоңдон кийин Тажикстандын түзөтүү мекемелеринде мыйзамдарды жана эрежелерди аткарууну көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Душанбе шаарынын жашоочусу Гүлчехра эки жылдан бери №1 абактагы жээни менен ырааттуу түрдө жолугушуп турган. Ал киши өлтүрүү айыбы менен 10 жылга соттолгон.

Бирок эки апта мурда колониянын жетекчилиги жолугушууга соттолуучунун ата-энеси, жубайы жана балдары гана укуктуу экенин айтып, Гүлчехраны киргизген эмес. “Мурда оңой болчу, паспортту текшерип, атымды жазып алышчу, анан мен жолугушууга кирчүмүн. Азыр жээнимди көрүүгө экинчи жолу аракет жазап жатам. Бирок эжелери менен жээндери соттолгон туугандарына жолуга албайт деп жатышат. Жаны эреже ушундай экен”, - деди ал.

Бул арада Жазаларды аткаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Илхом Махмудов эрежелер өзгөрбөгөнүн, мыйзам боюнча соттолуучулардын жакындарына гана жолугушуу укугу берилип келгенин билдирди.

Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө күчөтүлгөнүн бир нече абактын кызматкерлери тастыкташты.

2018 - жылы 8-ноябрда болгон тополоң маалында камактагы 23 адам мерт болгон. Мындан тышкары түрмөнүн эки кызматкери өлүп, дагы бешөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Тажикстан бийлиги тополоңду басуу учурунда террорчулар жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер гана өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Видео

Видео

Чемпион кыздарды таптаган Дүйшөн агай
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:19:11 0:00
XS
SM
MD
LG