Ссылки доступа

НАСА Рогозинди АКШга чакыруудан баш тартты


Брайденстайн (солдо) жана Рогозин

Америкалык НАСА космос агенттигинин бишчысы Жим Брайденстайн “Роскосмостун” жетекчиси Дмитрий Рогозиндин февралда АКШга пландалган сапарын жокко чыгарды. Буга чейин сапар “кийинкиге жылдырылганы” кабарланган.

Брайденстайн The Washington Post гезитине билдиргендей, “Роскосмос” менен кызматташууну сактап калуу үчүн былтыр күзүндө Рогозинди АКШга чакырган. Ал санкциялык тизмеде болгон. Болочоктогу сапар бир катар сенаторлор тарабынан сынга алынгандыктан, чечимди кайра карап чыгууга туура келген.

Демократ-сенетор Жин Шахин Рогозинди “Кремлдин кошуналарына каршы жүргүзгөн агрессиялык кампаниясынын архитекторлорунун бири" деп атады. Сенатордун пикиринде, Рогозин расистик, гомофобиялык жана антиамерикалык билдирүүлөрү менен белгилүү, анын Америкага болгон сапары өлкөгө коркунуч жаратат.

Дмитрий Рогозин санкциялык тизмеге вице-премьер кезинде илинген. Былтыр октябрда Брайденстайн Орусияга келген. Politico басылмасынын маалыматына караганда, ал Рогозинди НАСАнын башкы кеңсесине чакырган.

Орусия менен Американын мамилелери кескин начарлап кеткенине карабай, эки тарап тең космос багытында кызматташып келет.

Видео

XS
SM
MD
LG