Ссылки доступа

Хорезмде пахта терүү отряддарынын жетекчилери айлыктарын ала албай жатышат


2018-жылы Өзбекстандын Хорезм облусунда адамдарды пахта теримге жөнөтүү менен алектенген 35 отряддын жетекчилери айлык акыларын ала албай жатышат. Бул тууралуу алар «Азаттыктын» өзбек кызматына билдиришкен.

Алардын айтымдарында, «Шовот Текстиль» ишканасынын жетекчилиги ортодо түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде дале болсо отряд жетекчилеринин айлыктарын төлөп бере элек.

«Биз 20-сентябрдан 10-ноябрга чейин пахта теримде жүрдүк. Келишимге ылайык, жыйналган 80 тонна пахта үчүн бизге 1,5 миллион сумдан (180 доллар), бул нормадан ашкан ар бир тонна үчүн 50 миң сумдан (6 доллар) төлөп берилиши керек эле. Жалпысынан ар бир отряд жетекчиси 2,3 миллион сумдан (240-360 доллар) айлык алышы керек болчу. Бирок биз дале болсо айлык ала элекпиз», — деди отряд жетекчилеринин бири.

Өткөн жылы сентябрда өлкөнүн премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында өлкө боюнча пахта терүүчүлөрдүн 26,467 отряды түзүлүп, жалпысынан талаага 2 миллион 639 миң киши чыга турганы айтылган.

Ошондой эле анда пахта терүүчүлүлөр отряддарынын жетекчилеринин айлыгы 2 миллион сумдан (250 доллардан жогору) кем болбой турганы кабарланган.

Видео

Видео

Китеп окуган жаштар сыйланды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00
XS
SM
MD
LG