Ссылки доступа

Душанбеде таксилер бирдей түскө боёлот


Душанбе мэриясы шаардагы бардык такси кызматтарынын ээлерине транспорт каражаттарынын сырткы көрүнүшүн атайын даярдалган долбоорго ылайыктоо үчүн 15-июнга чейин мөөнөт берди.

«Таксинин сырткы көрүнүшү жөнүндөгү» долбоорго ылайык, таксинин жогорку бөлүгү сары, төмөнкү бөлүгү ак түстө болушу керек. Мындан тышкары сыртына такси кызматы тууралуу маалыматтар жана байланыш номурлары жазылышы керек.

Долбоорду иштеп чыккан Тажик техникалык университетинин окутуучусу Бадриддин Курбонов таксилердин бирдей түстө болушу шаардын тургундары менен меймандарына аларды башка транспорт каражаттарынын арасынан тез ажыратуусуна мүмкүндүк түзөт деп эсептейт.

Душанбеде такси чоң суроо-талапка ээ болгон транспорт түрлөрүнүн бири болуп эсептелет. Бир ай мурда шаардагы таксилердин айнектерин караңгылатууга тыюу салуу чечими кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG