Ссылки доступа

Кыргызстандагы православдар Рождество майрамын белгилешүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) 7-январдагы Иса пайгамбардын туулган күнүндө Бишкектеги орус православ чиркөөсүнө келип, диний жөрөлгөлөрүн жасашат. Диний жөрөлгөлөр Ош, Каракол шаарларында да өтөт.

Совет доорунан бери эле христианчылык Кыргызстанда исламдан кийинки орундагы негизги дин катары саналып келет.

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана дагы бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, жаңы Юлиан жыл эсебин карманышкан католиктер 25-декабрда белгилешет.

Өлкөдө православ багытындагы христиан динин тутунган адамдардын саны болжол менен 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Кыргызстанда ушул тапта православ, католик багытындагы элүүдөн ашык мекеме иш жүргүзөт. Христиан дининин протестанттык багытындагы уюмдардын саны 250нүн тегерегинде.

XS
SM
MD
LG