Ссылки доступа

Пашинян Карагандыдагы мушташ боюнча пикирин билдирди (видео)


Армения премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян Карагандыда болгон окуяга байланыштуу өз оюн айтты. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлады.

“Маркумдардын жакындарына көңүл айтам жана бул окуяда улут аралык өңүт жок экенин баса белгилегим келет. Мага жеткен маалыматтар боюнча мушташкандар ар улуттун өкүлдөрү болгон, анын ичинде казак да бар экен. Бул жаңжалды улут аралык араздашуу деп айта албайм”, - деди ал.

7-январда Армениянын тышкы иштер министри да Карагандыдагы окуяга байланыштуу маалымат берген. Казакстан тышкы иштер министри Бейбит Атамкулов менен Армения тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.

Жаңы жыл түнү Карагандыдагы ресторандардын биринде мушташ болуп, бир адам өлгөн, дагы үчөө жаракат алган. Бул окуяга байланыштуу жети киши кармалган. Дагы бир шектүү Нарек Гурурянга эл аралык издөө жарыяланган.

6-январда Карагандыда жүздөгөн адам кылмышкерлерди табууну талап кылып, митингге чыгышкан. Караганды облусунун акими Эрлан Кошанов издөө жумуштары жүрүп жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG