Ссылки доступа

Түркмөнстанда президенттин сүрөттөрү жаңыланды


Түркмөнстандын жалпы билим берүү мекемелеринде президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөттөрү кайрадан жаңыланды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, Дашогуз облусунун мактептеринин дубалдарына президенттин чачын ак аралаган сүрөттөрү илинген. Бул үчүн мугалимдер 5 манаттан чогултушкан.

Мындан тышкары өлкөнүн бардык мамлекеттик мекеме-ишканаларында президенттин портреттери жаңыланууда.

Учурда Ашхабадда президенттин чачын ак аралаган сүрөттөрүн ээн-эркин 5 манаттан ($1,3) сатып алса болот. Түркмөн президентинин “өткөн сезондогу” кара чачтуу сүрөттөрү болсо арзандатуулар менен 4 манаттан ($1) сатылууда.

Былтыр жайында Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов күтүүсүздөн имиджин өзгөртүп, эл алдына ак аралаш чачы менен чыга баштаган.

Түркмөнстанда президенттин портреттери маал-маалы менен жаңыланып турат. Сүрөттөр мамлекеттик мекемелерде, коомдук жайларда, мектептерде, ооруканаларда илинүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG