Ссылки доступа

АКШ орусиялык адвокат Весельницкаяга жаңы кылмыш ишин козгоду


Наталья Весельницкая
Наталья Весельницкая

Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы орусиялык юрист Наталья Весельницкаяга жаңы кылмыш ишин козгоду. Ал Prevezon Holding компаниясы мыйзамдаштырмак болгон 230 миллион доллар боюнча иликтөөгө кийлигишүү аракетине айыпталууда. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министирлиги кабарлады.

Маалыматтарга караганда, бул ишке орусиялык таасирдүү бизнесмен катышкан. Анын аты аталган жок. Весельницкая болсо Prevezon Holding компаниясынын адвокаты болгон.

Бул иш анын АКШ президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү менен 2016-жылы Нью-Йоркто жолугушуусуна байланыштуу эмес. Бирок тергөөчүлөр Весельницкая менен Кремлдин тыгыз мамилеси тууралуу далил бар экенин белгилешүүдө.

Маалыматта АКШнын Юстиция министрлиги орус бийлигине тергөөгө көмөктөшүүнү сураганы жазылган. Бирок Москва шектүүлөрдү актай турган жалган маалыматтарды жиберген. Орусия арам акчаны адалдаштырууга Hermitage Capital фондунун негиздөөчүсү Уильям Браудердин тиешеси бар деген.

Весельницкая америкалык тарапка жооп берүү үчүн орусиялык жогорку даражадагы прокурор менен кызматташканы айтылууда. Муну менен ал сотту адаштырган делинүүдө.

2017-жылы майда Кипрде каттоодон өткөн Prevezon Holdings компаниясы Орусиядагы салык махинацияларына тиешелүү каражатты адалдаштыруу боюнча АКШ менен келишим түзгөн. Компаниянын ээси ал кезде “Орусия темир жолунун” вице-президентинин уулу Денис Кацыв болгон. Компания күнөөсүн мойнуна албастан, АКШга алты миллион доллардай айып пул төлөөгө макул болгон. Америка бийлиги жооп иретинде Prevezon Holdings компаниясы Орусияда арам акчаны адалдаштырган эмес деп маалымдаган.

Весельницкая өзү Уильям Браудерди айыптаган интервьюларды байма-бай берип турган.

2016-жылы Трамптын уулу Дональд Трамп, күйөө баласы жана азыркы кеңешчиси Жаред Кушнер, ал маалдагы Трамптын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт орусиялык адвокат Наталья Весельницкая жана башкалар менен жолукканы белгилүү болгон.

Жолугушууда москвалык адвокат Трамптын уулуна Хиллари Клинтонду “айыптай” турган маалыматты жана документтерди берүүгө аракет жасаганы айтылган.

Весельницкая Трамптын командасына жолукканда Кремль менен байланышта эместигин, “эч кандай мамлекеттик мекемеге” тиешеси жоктугун, өз алдынча иш жүргүзөрүн айткан.

Кенже Трамп кездешүү тууралуу атасы билбей турганын, Клинтонду ашкерелеген материалдарды албаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG